Адамата Алишер уулу менен маек. Жорж Оруэллдин “1984” романы кыргыз тилинде!

Белгилүү америкалык калемгер Жорж Оруэллдин “1984” чыгармасы дүйнөлүк адабияттагы өзгөчө жанрдагы роман. Канчалаган он жылдыктан бери дүйнө коомчулугунун ой уюткусуна үрөн сээп келген чыгарма 1949-жылы жарык көргөн. Арадан 73 жыл өтүп, роман кыргыз тилине которулуп, жарык көрүп отурат. Үлкөн чыгарманы кыргызчага которгон баатыр ким десеңиз Адамата Алишер уулу аттуу жигит.

 Адатта котормочу дегенде жашоону көрүп, турмуш тажрыйбасына байыган улгайган кишини элестетип көнгөнбүз. Жаңы доордо жаңыча секирик жасап, биз көнгөн элести өзгөртө алган жаш котормочу менен маекти сунуштайбыз.

К: Саламатсызбы Адамата, чыгарманын кыргыз тилинде жарык көрүшү көпчүлүктү шыктандырган жакшы жаңылык болду. Алгач ушул тууралуу сүйлөшсөк. Дал ушул чыгарманы которуу идеясы кандайча жаралды? Которууга канча убакыт кетти?

-Саламатсыздарбы, негизи өзүм 2018-жылы “Кыргыз-түрк Манас” университетин англис тили жана адабияты жаатында аяктагам. Студент кезде эле кыргыз тилинде окушум керек деп ойлоп жүргөн чыгармалардын тизмесин түзгөм. Ошолордун баарын окуп чыктым, анан котором деген чыгармалардын тизмесинде “1984” биринчи орунга чыкты. Экинчи орунда “451 Фарангейт”, андан ары 14-15 китеп бар эле. Азыр деле бар ал тизме, ошонун негизинде иштеп келе жатам буйруса, аларды спойлер кылбай турайын.

Ошентип 2021-жылы январда “Китепстан” басма үйүнүн жетекчиси Бакыт байке менен байланыштым. “!Сүйлөшөлү байке, менде сунуштар бар эле десем макул, үйгө кел” деди. Үйүнө бардым, учурашып эле “китеп котором” деп айттым, “эмне болгон китептерди” деп сурады. Ачык эле “1984”тү ойлоп жүргөм деп шар айттым. Коё турсаң деп аркы бөлмөгө чуркап кетип, ошол китептин көчүрмөсүн алып чыкты. Өзү да ошол китепти окуп жаткан учуру экен, которуш керек деген ой менен жүрүптүр. Оюбуз ошол жерден бир чыкты, агай которолу деп макул болуп, баасын бычтык. Китепти колума карматты да башта деди.

Ошентип, 15-январда которууну баштадым. Март айынын 15не чейин, толук эки ай, күнүнө алты-сегиз сааттан, жумушка баргандагыдай убакыт бөлүп отурдум. Үйдө отура бергенден тажап, китепканаларга барып котордум. Ал жерде которуп отуруп дагы бир канча кишилер менен тааныштым, достоштум.

Адатта көпкө созулчу проектти алып алсаң кыйын болот ко, мен ошондой болот деп ойлогом, бирок андай болгон жок. Эки ай котордум, эки ай толук ырахат алдым. Андан кийинки чыгарманы дагы бир ай котордум, андан кийинкини эки жума котордум. Мындай айтканда ар бир чыгарманы бүткөн сайын кийинкиси ылдам которула баштайт экен да. Акыркы чыгарма эле жалкоолонуп атып көпкө созулуп кетти, алты ай болуп кетти. Редакторлор да шаштырбагандыктан жүрө берет экенсиң да.

К: Өзүңүз окуп чыккан үчүн жакын болсо керек?

– Бул чыгарманы алдын ала сөзсүз окугам. Себеби, өзүң окубаган чыгарма болсо, анан бирөө которуп бер десе менимче, туура болбойт ко, чыгарманы окуп туруп анан которуш керек да. Которуу процессинде, баш-аягы бул китепти ондон ашык жолу окуп чыктым окшойт. Себеби бир окуйсуң, чыгарманы түшүнүш үчүн, экинчи жолу окуйсуң, ал жактан негизги терминологияны бөлүп алып, аларды кыргызча кантип котором деп. Анткени айрым терминдерди чыгармынын башында башкача которуп, кийин башка сөз менен которуп алышың мүмкүн, андай окуялар да баштан өттү. Ошол себептен, биринчи терминологияны чыгарып алып, алардын баарын которуп, даярдап алып туруп, анан чыгарманын өзүнө киришем. Андан кийин которуу учурунда ар бир сүйлөмдү беш жолу окуйсуң, которгондон кийин дагы беш жолу окуп чыгасың, ошондо эле он жолу болуп кетет.

Котормо мен үчүн ырахат, досторум тамашалап калат, “майда иштерден тажабайсың” деп. Себеби мен сүрөт да тартам. Майда иш эмес, тескерисинче бул мен үчүн медитация.

К: Кыйынчылык эмнеде болду? Англис тилинен түз эле кыргыз тилине которууда эмнелер маанилүү? Кыргыз котормосу кандай учурларда аксайт?

– Англис тилинен кыргыз тилине которууда сүйлөм конструкцияларынын балансын сактоо кыйын болот. Себеби англис тили индивидуалисттик тил, ар бир сүйлөм ө алдынча муун. Мүчө деген нерсе жок эле өз алдынча маанини берет, ошону менен түшүнүктүү болот. Ал эми кыргыз тилине которгондо эң маанилүүсү, менин оюмча баяндоочтун орду. Себеби англис тилинде баяндооч сүйлөмдө экинчи болуп келет эмеспи, ал эми кыргыз тилинде сүйлөмдүн аягында келет. Ошон үчүн сүйлөмдү которуп, окуп, кыргыз тилинде ойго салып көрүп, анан туура келеби-келбейби байкаш керек.

Өзүмө жакпай кеткен нерсе кыргыз тилинде баяндооч эң аягында болгондуктан, сүйлөмдүн бардыгы “-ды”, “-ди” деген мүчөлөр менен бүтө берет. Кээде бир нече сүйлөм катары менен окшош болуп бүтөт, рифма болуп аткан сыяктуу. Ошондой тажатма болбошу үчүн мүмкүн болушунча сүйлөмдөрдүн ордун алмаштырууга туура келди, ошол нерсе бир аз кыйынчылык жаратты деп айта алам.

Кыйынчылык эмес, англисчеде аны “челлендж” деп коёт, кантип которобуз эми аны? (күлүп) Көптөн бери ушул сөздү которо албай койдум. “Челлендж” кыйынчылык эмес, алдыңа коюлган тапшырма, ошону чечиш керек, ушундай түшүнсөк болот.

Анан англис тилинен кыргыз тилине которуп атканда дагы эмне маанилүү дегенде: менимче которуп аткан кишинин эрудициясы дейбизби, ошол маанилүү. Өзүмдү эрудит деп деле эсептебейм. Айтайын дегеним, чыгармадан тышкары адабият, негизи эле дүйнө тааным, аң-сезим, жашоого көз караш кенен болушу керек. Бирок муну менен мен өзүмдүн котормомо аябай ыраазымын деп айта албайм. Болгону которгонума ыраазымын, бирок котормом жакшы болду деп эсептей албайм. Бир канча жылдан кийин бул чыгарманы кайра котором, ошондо толо майы чыккан болот. Менде азырынча ушундай ойлор. “451 Фарангейтти” да беш жылдан кийин кайра котором деген ой бар.

К: Жорж Оруэллдин туулган күнүн утурлай кыргызча вариант жарыкка чыкты, атайын пландалды беле?

– Бакыт байке жаман көрбөстүр, негизи китепте автордун туулган күнүн 25-июль деп ката жазып алыптырбыз, ал эми чынында 25-июнь экен. Бул пландалган нерсе эмес болчу. Себеби китепти которгон кезде, былтыр чыгарабыз деп пландалган. Кандайча төп келип калды мен билген-байкаган жокмун. Редакторлордон өттү, тигиден-мындан өттү, февралда чыкмак болгон, Украинадагы согуш башталып кетип, кагаздын баасы көтөрүлүп кетти. Артка жылып-жылып отуруп ушул учурга туш келди. Чынында пландаган эмеспиз.

Агай ишемби күнү китеп чыкты деп телфен чалды. Ошол күнү эле жетип бардым, колума карматты бир сыйра “азаматсың” деп, куттуктады. Анан үйгө келип эле сүрөткө тартып инстаграмга чыгарып баштаган кезде тааныштардын бири, Жибек Кенжебаева деген кыз айтып калды “25-июнь Жорж Оруэллдин туулган күнү да” деп. Биз болсо койчу, “бир ай бар да” десек мына деп туруп эле көзгө сайып көрсөттү.

К: Маданият, Билим берүү министрликтери менен кызматташуу болдубу? Кимдер колдоо көрсөттү? Басып чыгаруу этабы кандайча жүрдү?

-Маданият, Билим берүү министрликтери менен кызматташууну эч качан күтпөс болгонмун. Алардан көңүлүм калып калган, түңүлгөм. Ошол себептен көп нерсени өз алдынча кылганга аракет кылам. Бакыт байкеге ыраазычылыгымды билдирем, компаниянын, өзүнүн эмгеги, чуркаганы, финансылык мүмкүнчүлүктөрү менен чыкты да бул китеп.

Басып чыгаруу этабы дегенде, бизде мындай: Биринчи которууга берилет, которуудан келгенден кийин үч-төрт кишинин колунан өтөт, редактордун, корректордун колунан дегендей. Анан аны Бакыт байке өзү да окуйт, көп нерсеси албетте каралышы керек, эске алынышы керек. Процесс боюнча мен котормо бөлүгү тууралуу гана айта алам, башкалар жөнүндө чынында көп билбейм. Котормо мен үчүн англисче айтканда “bliss” ырахат.

Кимдер колдоо көрсөттү дегенде “Китепстан” басма үйүнүн жетекчиси Бакыт Абдуллаев агабыз. “1984тү” басып чыгарууга уруксаттын кереги жок, себеби бул китеп мамлекеттик, Public Domain деп коёт, автор каза болгондон кийин 70 жыл өткөндөн кийин чыгарма коомдук менчик (достояние) болуп калат, каалоочулар аны басып чыгарганга мүмкүнчүлүк, укук алат. 2021-жылдын 1-январынан тартып бул китеп коомдук менчикке өткөн, жалпы жеткиликтүүлүк ачылып, автордон уруксат алуу деген маселе болгон жок.

Башка өлкөлөрдүн баарында кайра басылып, жаңы басма деп аябай көп чыкты, айрыкча түрктөрдө, Польшада, Орусияда чыкты. Бирок Орусияда ызы-чуу болгонун баарыңыздар көрсөңүздөр керек. Ушул чыгарманы көчөлөрдө таратып жүргөн бир активистти кармап кетишти. А бизде болсо которулуп чыгып, колубузга тийди. Аябай ыраазымын. 25-июнь күнү, китеп чыккан күнү айылдан атам менен апам келген, аларга көрсөтүп, аларды да ыраазы кылдым.

К: Коомчулук жылуу кабыл алып жатат, ушундай реакцияны күттүңүз беле? Романда көтөрүлгөн темалар учурда айрыкча актуалдуу болгон үчүн элге бат сиңет деген күтүүлөр барбы?

-Эрте жашымда эле үйрөнсөм керек, эгерде бир нерсени жасасаң жыйынтыгында элдин ыраазычылыгын, же болбосо бирөө келип “азаматсың!” деп айтышын күтпө деп үйрөтүшкөн. Лицейде жүргөндө мугалимдерибиз, андан кийин ата-энемден да ушундай сөздөрдү угуп калгам. “Бир нерсе жасай турган болсоң, элден ыраазычылык күтпө, колуңдан жакшылык жасаган келсе болду, калганы да келет” деп айтышчу.

Элдин реакциясы кандай болот деп чындыгында ойлобоптурмун. Көп киши жазды инстаграмдан, тууган-уруктардан, көргөндөр-билгендер куттукташты, жүрөгүм жылыды. Эми дагы башка чыгармалар менен котормочулукту улантабыз деген эле үмүт. Чыгарманы актуалдуулугу же болбосо кандайдыр бир социалдык теманы көтөргөндүгү, элге пайдасы тиет деген нерседен алысмын. Мен адабиятты адабий баалуулугу үчүн карайм. Университетте окуп жүргөн кезде агайларыбыз эжейлерибиз бизге “силер адабиятчысыңар, адабиятчы деген адабий чыгарманын адабий баалуулугун баалай билген адам” деп үйрөтүшкөн. Адабий сынды үйрөтүштү. Ошондуктан чыгармаларды биринчи кезекте көз электен өткөрүп, андан кийин эмгек жасайм. Бул актуалдуу идея деген нерсе мен үчүн эмес.

“1984” романын тандап атканда актуалдуулугу үчүн эмес, башкы каармандар Уистон Смиттин менен Жулианын окуясы, ошол коомдо жашап жаткан ар бир адамдын башынан өткөргөн күнү, анан эң аягында, ошол чыгарма окуп жатканда мага кандай сезим калтырды, ошол нерсе мага маанилүү болду. Романды окуп жатканда да ырахат алгам, которуп жатканда дагы, ал өзүнчө чоң ырахат алдым.

К: Котормочулук менен канча убакыттан бери алектенесиз? Котормого кызыгуу кандайча жаарлагн?

– 2016-жылдан бери BUGUPRESS агенттигинде башында сүрөтчү, андан кийин дизайнер, анан жазып, аягында “Баластан” журналында башкы редактор болуп да иштедим. Ошол учурда Жаныбек агайдын китеп которобуз идеясы бар болчу. Ишкана которгон биринчи китеп “Грузия кантип реформа жасай алды?” деген китеп болду. Ал китепти которууга мен катышкан жокмун, бирок ошол процесс жүрүп жатканда башынан-аяк көрдүм, кызыктар болдум. Биринчи китеп чыкты, элге жакты, жакшы жайылды.

Анан экинчи китепти баштайбыз дешти. Экинчи китебибиз Жаныбек агай менен мамилебиз жакшы болгон себебинен чыкты десем болот. Тил жагым жакшы болгондуктан, 4-курска келгенде башка ишканалар менен бизнес келишимдерди түзүү, алар менен байланыш түзүү деген сабак өтүп, ошол ыкмаларды үйрөнгөм. St.Martin’s press деген басма үйү менен келишим түзүп, алар менен сүйлөшүп, официалдуу чыгарган китебибиз “Кылычсыз самурай” китеби болду. Ага чейин “Грузия кантип реформа жасай алды” деген китепти оозеки эле сүйлөшүп, макулдашып чыгарышкан. Алар өздөрү эле сүйүнүп уруксат беришкен.

Андан кийинки китептин төлөнчү акчасы, бааларын төлөп, котормого келген кезде мен котороючу дегем, бирок агай сен али жашсың деген. Бир чети ошону туура кылыптыр. Себеп дегенде китепти которуу учуру, редакциялоо, корректирлөө, сыртын кооздоо, дизайн, сүрөтүн тартуу боюнча бардык процессти баштан-аяк көрдүм, ошондо көп нерсени түшүндүм. Бир жыл өттү, 2019-жылы “Кылычсыз самурайды” чыгардык, аябай хит болгон китебибиз ошол болду. Баш-аягы 10 миңдей басылып чыкты го дейм.

2020-жылга келип коронавирус башталып кетти, тиги китеп, бул китеп деп жүрүп, дагы 3-4 китепти которуу сунушу менен басма үйлөргө жаздык. Ошолордун ичинен Сингапурдун билим берүү системасы жөнүндө китеп кызык болду, уруксатын алдык, дал ошол китеп мен которгон биринчи китебим болду. 2020-жылы коронавирус пандемиясы учурунда карантинде камалып жатканда котордум. Ал китепти которгондо мага аябагандай тажрыйба болду. Тажрыйба дегенде кандай, китеп чындыгында публицистикалык китеп болчу да, ошого байланыштуу көп кыйналган жокмун. Жакын арада дагы бир котормо жарык көрүүнүн алдында турат, ал чыгарма эмес, публицистикалык эмгек. Кызыгуу деле эмес ко дейм, лицейде окуп жүргөндө эле которчумун, колдон келе турган нерсе экенин түшүнгөндөн кийин болду.

К: Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз? Кайсыл жердин кулуну болосуз?

-Өзүм Ат-Башыда туулуп-чоңойгом. Кийин Нарындагы Муратбек Субакожоев атындагы лицейде окуп, 2014-жылы бүтүрүп, чет өлкөгө чыгууга аракеттендим эле, бирок ал учурда финансылык мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан, Манас университетине тапшырдым. Манас университетинде англис тили жана адабияты тармагын окуп, 2018-жылы бүтүргөм.

Окуп жаткан учурда мага эң кызык болгону адабият эле, мурунтадан кызыкчумун. Болгону эмне себептен кызыгуу, анан ошого форма бере албагандыктан эле эмнеге, анан эмне экенин түшүнбөй эле жүрө бериптирмин. Эжелерибиз окутуп, кызыгуума форма берди, аталыш берди, проза, поэзия деп, бул драма, а бул критика деп аттарды койду. Ошону менен азыркыга чейин эле басып жүрөм.

Көп киши айтат тилиң жакшы экен деп. Кыргыз тилине которуп аткандан кийин кыргыз тилиң укмуш болсо керек деп. Бирок мен кыргызча сүйлөгөндө тантып сүйлөйм, жазганда кыйын жазат окшойм. Аны деле сындагандар бар албетте.

Акыркы учурда мындай ой пайда болду баса: китептин чыгышы менен акыркы учурда инстаграмдан мага катталгандар көбөйдү да, алардын баары менден нени күтүп атат болду экен деген ой келип атат. Котормочу деп катталса, ичинде каяктагы мемдер жүрөт, тантыган кыргыз тилинде жазылган посттор, элдер эмне деп ойлойт болду экен, ошол нерсе кызык болуп атат.

2016-2020-жылга чейин “Бугу пресс” басмаканасында иштедим. Андан кийин бир жыл фриланс котормочу болуп иштедим, 2021-жылдын август айынан бери “Ask qonsalting” компаниясында иштеп жатам, студенттерди, абитуриенттерди чет өлкөгө окууга жиберүү жаатында.

К: Алдыдагы пландарыңыз? Кийинки кезек кайсыл чыгармада? Дагы дүйнөлүк шедеврлерди кыргыз тилинде окууну күтсөк болобу?

– “1984” китеби 1000 тиражда чыкты. Алдыдагы план боюнча тизмедеги китептерди котором деп эле жүрөм, бирок азырынча ал тизмени эч кимге көрсөтпөйм. Ийгиликке бараткан жол сыр боюнча калсын дейт ко, бирок сыр боюнча калсын деп атып азыр толтура нерсени мактанып бөлүшүп салдым (күлүп).

Кийинки кезек “Улуу Гетсби” деген чыгармада. Андан кийинкисин айтпай турайын. Бирок качан экенин да азырынча айта албайм, анкени котормомду төлөп бере турган киши жок азырынча.

К: Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Ийгиликтерди каалайбыз!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *