Америкалык жазуучу Рэй Брэдберинин “451’ фаренгейт” (“Fahrenheit 451’”) китеби кыргыз тилинде басылып чыкты.

Ulut_Kyrgyzstan маалымат агенттиги маалымдагандай “451’ фаренгейт” китеби кыргыз тилинде жарык көрдү.

“451’ фаренгейт” китеби

“Чыгарманын жазылганына 60 жыл болсо да, анда камтылган ойлор азыркы заманда да маанисин жоготкон жок.

Брэдберинин философиялык антиутопиясында постиндустриалдык үмүтсүз коомдун жашоо турмушу баяндалат: анда бардык басылмалар өрт өчүрүүчүлөрдүн атайын отряды тарабынан аёосуз жок кылынган, ал эми китептерге ээлик кылуу мыйзам тарабынан куугунтукка алынган, интерактивдүү телекөрсөтүү бардыгын алдоо үчүн ийгиликтүү кызмат кылган дүйнө сүрөттөлөт.” – деп айтылат.

Айтмакчы: китептин бет ачары 25-мартта саат 14:30да Бишкек шаарынын Новотель мейманканасында (Манас проспекти 16) өтөт.

Байланыш телефону: 0 990 199 211

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2 comments on “Америкалык жазуучу Рэй Брэдберинин “451’ фаренгейт” (“Fahrenheit 451’”) китеби кыргыз тилинде басылып чыкты.”