Чүйлүк жигит Minecraft оюнунун интерфейсин кыргыз тилине которуп чыкты. Маек

Чүйлүк жигит белгилүү дүйнөлүк Minecraft компьютердик оюнунун интерфейсин (экранда көрүнүп турган тексттер) кыргыз тилине которуп чыкты. Эми оюндун ар бир баскычы, андагы жабдуулардын аталышы кыргыз тилинде да пайда болду.

Оюнду толук которуп бүтүү үчүн 2 ай убакыт кеткен. Автор оюнду иштеп чыккан Швециядагы Mojang Studios студиясына кыргыз тилин оюнга кошуу боюнча кат менен кайрылып, жообун күтүп жаткан учуру.

Биз дал ушул демилгенин ээси Атай Азамат менен чакан маектештик. Төмөндө анын интервьюсун сунуштайбыз:

К: Атай, саламатсызбы. Бул оюндун интерфейсин которуу үчүн канча убакыт кетти? Идея кандайча жаралып калды?

Атай: Интерфейсти 1,5-2 ай котордум. Ысык-Көлгө айылдагы туугандарыма барып калдым. Копьютеримди ала баргам. Коноктогу кичинекей бөбөктөрүмө Minecraft оюнун ойногула деп көрсөтүп бердим. Бирок, англис тилиндеги сөздөр алар үчүн түшүнүксүз болду. Ошондон баштап, орусча, англисче жакшы сүйлөй албаган балдарга оюндун кыргызча которулушу эң керек экенин түшүндүм.

К: Которууда эмнелер кыйын болду?

Атай: Кээ бир сөздөрдү кыргызчага которуу оор болду, а кээ бири такыр которулбайт экен.

К: Учурда кыргызча интерфейс колдонуучуларга жеткиликтүүбү? Өзүңүз да  колдоносузбу?

Атай: Азыркы учурда мага эле жеткиликтүү. Ушул оюнду чыгарган Швециядагы Mojang Studios студиясына кыргыз тилин оюнга кошуу боюнча кат жазгам. Күтүп жатам.

К: Күнүмдүк турмушта кыргыз тилин өзүңүз да басымдуу түрдө колдоносузбу?

Атай: Ооба, турмушта эне тилибизди пайдаланууга аракет кылып, басым жасайм.

К: Дүйнөлүк эң популярдуу болгон компьютердик оюндардын бирин биздин тилге которуптурсуз, кандай ой-пикирлер айтылды?

Атай: Азырынча өзүмдүн чөйрөмдөгү жакын тааныштарыма гана көрсөтүп, алар таанышып чыгышты. “Абдан жакшы экен” – деп, жылуу сөздөрүн айтышты.

К: Которулган тексттерди, сөздөрдү ким редакциялап, текшерип берди?

Атай: Котормомду өзүм текшерип редакциялайм. Жанымда дайыма сөздүктөр болот.

К: Өзүңүз тууралуу да айта кетсеңиз?

Атай: Мен #67 мектеп-гимназиясынын орус классынын быйылкы бүтүрүүчүсүмүн. Эң кызыгы – мен 6-класска чейин кыргызча такыр сүйлөй алчу эмесмин. Чоң тай энем Көлдөн келип, биз менен жашап калган. Ал кишинин жана өзүмдүн тай энемдин кыргыз тилин үйрөнүшүмө салымы чоң болду.

К: Канча убакыттан бери котормо менен алектенесиз?

Атай: 2-3 жылдан бери алектенем. Мындан сырткары, “Кожожаш”, “Ак Мөөр” кинотасмаларын кыргызчадан орусчага субтитр менен которуп, YouTube каналыма жүктөгөм. Менин максатым – өзүмдөй болгон жаштарды биздин кинематографиябыздын алтын кенчи менен тааныштыруу. Кыргыз тили менен орус тилин достоштургум келет. Андан тышкары, “Тилимпоз” баракчасынын редактору болом.

Биздин маданиятыбызды, тарыхыбызды ушундай долбоорлор (проекттер) менен жаштарга тааныткым келет.

К: Чындыгында мыкты демилге, ишиңизге, чыгармачылыгыңызга ийгиликтерди каалап, дагы да кызыктуу, пайдалуу долбоорлорду күтүп калабыз. Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *