Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунда курулган жаңы эстакадалык көпүрөнүн сүрөттөрү жарыяланды. Анын автору сүрөтчү жана блогер Николай Гладков.

Сүрөттөр куш учкан бийиктиктен тартылган. Анда кар түшкөн кыркаларды аралап, дарыядын эки жээгин бириктирген көпүрөнүн кооздугун көрүүгө болот. Сүрөтчү инстаграм барагыда сезимдери менен бөлүшүп жазган:

“Казарман көпүрөсү… Көпчүлүктүн көңүлүн бурган жаңы локация, ушунчалык көңүл бурууга татыктуу экен, масштабы сезилип турат🤟🏻 Ал эми ушул жайга алып баруучу жолдун кооздугу андан кем калбайт. Эгер сиз Бишкектен ушул локацияга жол тартсаңыз, Төө-Ашуу аркылуу өтүүнү сунуштайм, аралыгы бир аз алысыраак – 300 км”, – деп жазган.

Көпүрө Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылына жакын жерде жайгашкан. Көпүрөнүн узундугу дээрлик 400 метрди түзөт.

Сүрөтчү Нарындагы Өрнөк айылына жакын жаңы альтернативдүү жолдун бөлүгүн да тарткан. Ошондой эле анын инстаграм баракчасынан Суусамыр өрөөнүндөгү Төө ашуудагы жолдун сүрөттөрүн да көрүүгө болот.

Арасынан айрыкча “Казарман көпүрөсү” коомчулукка тарап, жылуу ой-пикирлерге татыды.

https://www.instagram.com/p/CZrxCLiIvn7/

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *