Кыргызстанда биринчи жолу ата мекендик автобус иштелип чыкты. Аны “Белес” компаниясы кураштырган. Өндүрүү заводу Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан.
Компаниянын жетекчиси Мирбек Аскалиев автобус “Белес” компаниясы менен дагы бир фирманын кызматташтыгында иштелип чыкканын ЖМКларга билдирген. Автобуст лабораториялык жана талаа сыноолорунан өтүү үчүн чет өлкөгө жөнөтүлөт. Андан кийин компания мындай автобустарды өндүрүштүк масштабда чыгаруу пландап жатат.
Бийлик атамекендик өндүрүүчүлөрдү алгачкы 10 автобусту сатып алуу менен колдой турганын убадалады. Эгер алардын эксплуатациясы ийгиликтүү деп табылса, Мэрия «Белес» менен туруктуу негизде кызматташа турганы да айтылды.
Мирбек Аскалиевдин айтымында автобусту иштеп чыгуу 2019-жылы эле башталган.