Интернет айдыңында асманда каалгып учкан бүркүттөрдүн видеосу тарады. Видео Жалал-Абад облусунда дронго тартылган.
Видеонун автору аны инстаграмдагы баракчасына жүктөп, “көптөн күткөн ушул күн да келди. Алар менен чогу учкандай болдум”, – деп жазган.
Видеодону карап сергип, күнүмдүк иштерден бир аз да болсо алаксып, асманда учуп бараткандай сезимдерди алса болот. Акыркы жылдары кооз жаратылышты дрондон тарткан видеолор кеңири тарап, популярдуу боло баштады.
📍Шекафтар, Кыргызстан