Кыргызстанда электромобилдерди кубаттоочу станциялар тармагы иштей баштады. Аларды “ELKUB” компаниясы орнотту.

Кубаттоочу станциялар азырынча Бишкек шаарында жеткиликтүү. Кубаттоонун убактысы 2 саатка чейин созулушу мүмкүн.

Демилге шаардагы таза аба маселесин чечүүгө салым кошууга багытталган. Акыркы жылдары Бишкек абасы эң кир шаарлардын катарынан түшпөй келет.

Демилгечилер зыяндуу заттарды чыгарган күйүүчү май менен жүргөн унаалардан баш тартып, электромобилге өтүүнү сунушташат.

Кубаттоо станциялары төмөнкү даректерде жеткиликтүү:

«Томми Молл» соода борбору;

«Азия Молл» соода борбору;

«Ала-Арча» соода борбору;

«Технопарк», Фрунзе гипермаркети;

«ЖЭБ», Фрунзе гипермаркети;

«Жал», Фрунзе гипермаркети;

«ЖЭБ», Глобус гипермаркети;

Лев Толстой көчөсүндөгү Глобус гипермаркети;

Медеров көчөсүндөгү Глобус гипермаркети;

«Интермедиа» бизнес-борбору

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *